• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Камчыбек Ташиев: «Мамлекетте тазалануу шайлоодон башталышы керек»

13 Тогуздун айы 202413:05 Бишкек Govori.TV

Кечээ УКМК төрагасы чек арачылар менен жолугушуусунда алдыда келе жаткан жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу да оюн айтып, жергиликтүү бийликтерге, укук коргоо органдарынын жетекчилерине эскертүү жасады. Бул тууралуу анын тарапташтары социалдык тармактарда жазып жатышат.

«Биз мамлекетти акыйкаттуулук менен башкарышыбыз керек. Шайлоолорго мамлекеттик органдар кийлигишпеши керек. Мурдагыдай бирөө бирөөнүн эркине басым жасабайт. Биз депутаттар таза болсун, элге, мамлекетке кызмат кылсын деп аракет кылып жатабыз. Артында калбыры бар, криминалга аралашкан, коррупцияга аралашкан, мыйзам бузган адамдардын баарын тазалаганга аракет кылдык. Парламентте ушундай туура эмес шайлангандардын баарын ордуна келтирдик. Шайлоого бараткан партиялардын ар бир талапкерин кылдат текшерип чыккыла. Алардын криминалга, коррупцияга тиешеси болсо, же тууган-уругунун тиешеси болсо тизмеден чыгаргыла. Шайлоо маалында кайсы бир талапкер мыйзам бузуучулукка барса, ал мыйзам чегинде катуу жазаланат. Мамлекеттеги тазалануу шайлоолордон башталышы керек. Мен шайлоого катышкан саясатчы катары ушу шайлоонун азабын укмуш көп тарттым. Ошентип кыйнап-кыстап жүрүп добуш бердирткен партиялар, депутаттар азыр каякта калды?»,-деди Ташиев.

Количество просмотров: 219