Бүгүн 20-ноябрда УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев басма сөз жыйынын өткөрдү. Анда өлкө атынан элчи болгон адам коррупцияга шектелип жатканын билдирди.
Анын айтымында, пара алууга шектелип жаткан элчи мурда анын партиялашы болгон. Элчи 250 миң доллар пара алганын, аны камай турганын айтты. Ошондой эле эч кимди аябай турганын, мейли жакындары, уулу же бир тууганы болсо да, эгер күнөөсү болсо, бардыгын камай турганын эскертти.
Ташиев жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин коррупцияга айыпталгандардын бардыгы түрмөдө отура тургандыгын кошумчалады.