• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Камчыбек Ташиев жаңжал чыккан аймакка жөнөп жатканын айтты

14 Жалган куран 2019 13:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.03.2019.Govori.TV.

ЖКнын мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу өз пикирин фейсбуктагы баракчасына бөлүшүп, жаңжал чыккан аймакка жөнөп жатканын айткан.

» Урматтуу Кыргыз элим! Баткен жергесиндеги талаш жер үчүн баарына даярмын! Кээ бирөөлөр айтышы мүмкүн «пиар» деп,бирок мен эч качан пиар менен жашаган эмесмин. Мен үчүн Кыргызстанымдын ар бир метр жери ыйык жана маанилүү. Мен Баткенге жөнөп жатам, бийлик мурдагыларга окшоп эле эч нерсе чече алышпайт. Жер, эл бизге керек, менин, сенин урпактарына керек! Ата- бабалардын жерине кол тийгизбейбиз!!!»,-деп жазган Ташиев.

Урматтуу Кыргыз элим! Баткен жергесиндеги талаш жер учун баарына даярмын!Кээ бироолор айтышы мумкун "пиар" деп,бирок…

Опубликовано Камчыбек Ташиев Среда, 13 марта 2019 г.

Эске салсак, 13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтотушкан.

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалга жеринен таанышып, эл менен сүйлөшүү үчүн биринчи вице-премьер министр Жеңиш Разаков бүгүн эртең менен Баткенге учуп кеткен.

Количество просмотров: 19