Бишкек шаардык соту УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин баласы Тамерлан Ташиевге карата чыгарылган биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн жокко чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Шаардык сот Тамерлан Ташиевдин жактоочуларынын кассациялык даттануусун жарым-жартылай канааттандырган. Жыйынтыгында кылмыш иши Октябрь райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.
Эске салсак, 2013-жылы 1-декабрда милиция кызматкерлери Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайдын студенттерин кармаган. Алардын арасында Тамерлан Ташиев дагы бар болчу. Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы студенттер 5-кичи райондо токтоп турган «Хонда Аккорд» унаасынын дөңгөлөгүн уурдоого шектелип жатканын билдирген. Кылмышка шектүүлөрдү кармоо учурунда Ташиев Тимурландын башкаруусундагы Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен 8 кирпич, дөңгөлөктүн 20 тирөөч болту, 3 баллондуу ачкыч жана домкрат табылган.