• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы пара менен кармалды (видео)

12 Жалган куран 2022 18:15 Бишкек Govori.TV

Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы И.А.К. аттуу адам жана Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Б.А.И. аттуу кызматкери кармалган. Алар T.Б.T. аттуу жергиликтүү ишкерден опузалап, 120 миң сом талап кылып, анын 90 миң сомун алып жаткан учурда кармалган. Факты боюнча «Опузалап пара талап кылуу» беренеси менен иш козголуп, шектүүлөр Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«Кармалган И.А.К. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы болуп туруп, үй-бүлөлүк мамиленин артына жашынып, Б.А.И. аттуу адам менен алдын ала сүйлөшүп, жеке ишкерден коркутуу жолу менен 120 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 4353