Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин опузалап пара алууга шек саналып кармалган өкүл баласы үй камагына чыгарылды. Маалыматты Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы ырастады.
Маалыматка ылайык, шектүү И.А.К.ны үй камагына чыгаруу токтомун Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы 29-апрелде кабыл алып, үй камагынын мөөнөтүн 29-майга чейин деп аныктаган.
Эске салсак, 11-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы И.А.К. аттуу адам жана Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн Б.А.И. аттуу кызматкери кармалган. Алар T.Б.T. аттуу жергиликтүү ишкерден опузалап, 120 миң сом талап кылып, анын 90 миң сомун алып жаткан учурда кармалган. Факты боюнча «Опузалап пара талап кылуу» беренеси менен иш козголуп, шектүүлөр Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.