• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Камчыбек Жолдошбаев, депутат: «Кыргыз элин ТБЕАнын алдына чөгөлөтүп бердиңер, ырахмат…”

17 Бугу 2018 10:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.01. 2015. Govori.TV

«Кыргыз элин бүт бойдон кытайлык ТБЕАнын алдына чөгөлөтүп бердиңер, аныңар үчүн ырахмат…» Бул сөздү ЖКнын ТЭЦтин маселесин караган жалпы жыйынында эл өкүлү Камчыбек Жолдошбаев айтты.

Анын пикиринде, ТЭЦтеги коррупцияга  катышы барлардын баары калптарды айтып, өздөрүн сүттөн ак көрсөтүүнүн аракетин көрүп жатышат.

“Күнөөңөрдү моюнга албай экенсиңер, өзүңөрдү актап, күнөөнү кайра парламентке оодаргандын аракетин кылып жатасыңар. Силер, мактап, жактап, ушул туура болот деп алып келип жатсаңар, парламент колдоп берет да. Жэ ушул жерден бирөө бааны көтөргүлө деди беле?!”,-деди ал.

Эске сала кетсек, бүгүнү үчүнчү күнү парламент ТЭЦтеги авария жана модернизацияга кеткен 386 млн. доллар боюнча депкомиссиянын корутундусун талкуулап жатышат.

Количество просмотров: 11