• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Камчыбек Жолдошбаев, депутат: “Кытайларга карызды төлөйлү, Манасты белге сайган немелер бизди аямак беле?!” (видео)

16 Бугу 2018 10:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 16.05.2018. Govori.TV

“ТЭЦ боюнча Кытайга карызды бир балээ кылып, эптеп төлөйлү. Манасты белге сайган немелер бизди аямак беле?!”. Бул сөздү ЖКнын  жыйынында эл өкүлү Камчыбек Жолдошбаев айтты.

Анын пикиринде, 386 млн.  доллар насыяны төлөө үчүн атайын эсеп ачып, өлкөнүн  байлары биригип, карапайым элге күч келтирбей, төлөөнү баштоо керек.

“Силер азыр манас өлгөндөй кылып жатасыңар. Эл кайгырып турат. Манас азыр өлсө деле кошумча кошмоксуңар,  ошон үчүн карапайым элдин жалгыз эчкисине көз артпай, акчалуулар төлөшүңөр керек”,-дейт ал.

Эске сала кетсек, парламентте ТЭЦтин авариясы менен модернизациясын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланууда.

Количество просмотров: 12