• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кампадан чыккан ири өрт эки күн дегенде өчүрүлдү 

11 Кулжа 2023 13:57 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Матросов көчөсүндө жайгашкан кампалардан чыккан ири өрт эки күн дегенде толугу менен өчүрүлдү. Бкл тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Сырбазанын аймагындагы өрт 9-июнга карата түнү катталган. Жерине 10 күжүрмөн эсеп, Бишкек шаардык куткаруу кызматынан бир топ, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, Штаб, ИИМден 3 экипаж, Тез жардам кызматынан бир бригада, РЭТтен бир бригада, «Тазалык» ишканасынан суу ташуучу унаа тартылган.

Жалын 10-июнда саат 23:55те толугу менен өчүрүлдү. Өрт кырсыгы адам өмүрүнө коркунуч жараткан эмес.

«Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам ламинат курулуш материалдары, эшик, терезелер, 270 чарчы метр аянттагы кампада сакталган тазалоочу каражаттар, боёктор, атырлар, унаа дөңгөлөктөрү жана жакын жайгашкан кампалар сакталып калды», — деп билдиришти ведомстводон.

Ошондой эле Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тарабынан 22 кислород баллону, 5 пропан толтурулган баллон, 200 литрлик 12 челектеги трансформатор майы ыкчам түрдө коопсуз жайга чыгарылып, жарылып кетүү коркунучу жоюлган.

Учурда кырсыктын келип чыгуу такталууда.

Количество просмотров: 95