• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Канада 22 орусиялыкка, анын ичинде Алина Кабаевага санкция салды

1 Кулжа 2022 9:10 Бишкек Govori.TV

Канада Орусиянын 22 жаранына жана төрт компаниясына каршы жаңы санкцияларды киргизди.

Жаңыланган санкциялык тизмеде орус президенти Владимир Путин менен жакын мамиледе экени айтылып жүргөн Олимпиада чемпиону Алина Кабаева, «Альфа-групп» компаниясына ээлик кылган миллиардер Михаил Фридмандын эки кызы, «Новикомбанктын» башкармалыгынын төрайымы Елена Георгиева, Урал тоо-металлургиялык компаниясынын башкы директору Андрей Козицын, Орусиянын түз инвестициялар фондунун башкы директорунун биринчи орун басары Анатолий Браверман, «Сбербанктын» башкармалыгынын мурдагы төрага орун басары Сергей Мальцев, «ВТБ банктын» төрагасынын орун басары жана башка жарандар бар.

Мындан тышкары санкциялык тизмеге «Орусиянын түз инвестициялар фондунун башкаруу компаниясы», «РВУнын башкаруу компаниясы», «Россельхозбанк» жана «Инвестторгбанк» киргизилген.

20-майда Канада Орусиянын 14 жаранына санкция салган. Алардын арасында да «орусиялык олигархтар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана Путинге жакын адамдар» болгон.

Андан мурдараак Алина Кабаевага каршы Улуу Британия да санкция киргизген.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары бийликтеги өз булактарына таянуу менен Алина Кабаеваны Путиндин жубайы жана эки баласынын атасы деп жазып келишет. Швейцариялык SonntagsZeitung гезити Кабаева 2015-жылы жана 2019-жылы эки балалуу болгонун маалымдаган. Кремл бул маалыматтарды ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.

Количество просмотров: 35