Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине кезектеги кыскача маегин берип, анда Кыргызстандын “Керемет банк” менен “Капитал банкына” АКШ жана Улуу Британия салган санкциялар тууралуу комментарий берди.
Президент Орусияга салган санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берип жатат деген негиз менен 2025-жылдын январь айында АКШ “Керемет банкка” санкция киргизгенин, бирок бир да факты көрсөтө алышпаганын, азыр да санкцияларды айланып өткөн факты жок экенин айтты.
Ошондой эле АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигериге көз карандысыз аудитордук компанияларды жалдап “Керемет” жана “Капитал” банктарды текшертели деген сунуш берилгенин, бирок ал андан баш тартканын билдирди.
“Эми минтип дал эле “Керемет банкка” Америка санкция салгандай “Капитал банкка” да Англия санкция салып жатат. Эч бир далил да көрсөтө алышкан жок. Баягы эле күмөн саноо. Ушундан улам мага дагы күмөн саноо ой келет. Кыргызстандын экономикасы жогорку темп менен өсүп жатканын көрүп, билип турушат да. Мисалы ИДӨбүз 11,7% чейин өсүп, КМШ өлкөлөрүнүн алдында бара жатабыз. Ушундан улам биздин үстүбүздөн басым жасоо иш-аракеттерин кылып жатышат деп ойлойм. Үлкөн мамлекеттер башка мамлекеттердин тез өнүгүп кетишин каалабайт эмеспи. Баары алардын көзүн карап, сурамчыланып жүргөнүн эле каалашат да. Ошондуктан мен бул өлкөлөрдүн жогорку жетекчилери, Дональд Трампка жана Кир Стармерге кайрылат элем. Балким, аларга маалымат жетпей жатат. Экономиканы саясатташтырбагыла. Биз көп векторлуу саясат жүргүзүп келе жатабыз. Силер менен да экономикалык жактан кызматташуудабыз. Мисалы, Англия мамлекетине эле жылына миллиард долларга алтын сатабыз. Анан мындай бизге кылган мамилеңер адилеттүүлүккө жатпайт. Ошондуктан ишенбесеңер ошол маалыматтарыңарды көтөрүп алып келгиле бизге. Банк бардык маалыматтарды ачык көрсөтүп бергенге даяр”, — деди Садыр Жапаров.