• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Садыр Жапаров: «Негизсиз санкцияларды өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары баалайбыз»

24 Аяк оона 202510:28 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө өлкөгө салынган санкцияларды негизсиз деп атап, муну өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деп атады.

«Негизсиз санкцияларды өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары жана жаңыдан бутуна туруп келе жаткан экономикабызды төбөсүнөн ылдый басуу деп баалайбыз», — деди Жапаров.

Мамлекет башчы Кыргызстан экономикасын өз алдынча чыңдоого күч үрөп, аракеттенип келатканын, эл аралык милдеттенмелерин ар дайым так аткарып келатканын белгиледи.

Президент Кыргызстанга карата жарыяланган санкциялар «айрым бейөкмөт уюмдардын жана кара ниет жарандардын» жайылткан жалган маалыматтарына негизделгенин билдирди.

Жапаров буга байланыштуу банктардын ишмердүүлүгүн кылдат текшерттирүү үчүн көз карандысыз эл аралык аудиттерди кабыл алууга даяр экенин айтты.

«2024-жылы Европа Бирлигинин өлкөлөрү Орусия менен 141 миллиард долларга соода жүргүзсө, анын 36 миллиард доллары Орусиядан импорттолгон товарлар болгон. Ал эми биздин 2 банкка каршы санкция жарыялаган Британиянын өзү 2024-жылы Орусия менен 2,2 миллиард долларга соода жүргүзгөн. Кимдир бирөөлөр Орусия менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн өзүмчүлүк менен өзүнө калтырып, өз кызыкчылыктарын коргоп, башкаларга тыюу салган. Бизге Орусия менен кызматташпагыла деген талап коёсуңар дагы өзүңөр кеңири кызматташып жатасыңар. Бизди силерге караганда Орусия менен көптөгөн экономикалык байланыштар бириктирип турат”, — деди Жапаров.

Жапаров Кыргызстан башкалар менен тирешүүнү каалабай турганын, дээрлик бардык өлкөлөр менен кызматташып, көп векторлуу саясат жүргүзө турганын кошумчалады. Ал Кыргызстан ошол эле Англияга жылына 1 млрд долларлык алтын сатарын мисал келтирди.

Количество просмотров: 95