• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Каналга түшүп кеткен адамдын сөөгү табылды

26 Чын куран 202314:27 Бишкек Govori.TV

Ошто каналга түшүп кеткен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-апрелде Ош шаарынын Аношина көчөсүндөгү турак үйдүн алдынан Яккалик каналына белгисиз адам түшүп кеткен.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, каналдагы суунун деңгээли жогору болгондуктан, издөө иши убактылуу токтотулган.

Бүгүн таң эрте издөө-куткаруу иштерине 7 куткаруучу тартылып, натыйжасында 35-40 жаштагы славян түспөлүндөгү (аты-жөнү такталууда) адамдын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Теги:
Количество просмотров: 104