• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Каналга түшүп кеткен унаадан 21 жаштагы кыздын сөөгү табылды

20 Тогуздун айы 202210:34 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Красная Речка айылында Mercedes-Benz унаасы Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, унаанын айдоочусу рулду башкара албай калган.

Кырсык болгон жерден 32 жаштагы М.у.К. аттуу эркек киши өзү суудан сүзүп чыккан. Куткаруучулар унааны суудан чыгарышканда ичинен 21 жаштагы И.к.Ф. аттуу кыздын сөөгү табылган.

Сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Теги:
Количество просмотров: 722