• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Канат Исаев эмне үчүн убагында президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын айтты

28 Бештин айы 202023:05 Бишкек Govori.TV

Президенттикке талапкер Канат Исаевдин эмне себептен президенттин милдетин аткаруучу болуудан баш тартканын түшүндүрдү.

Талапкерлер катышып жаткан дебаттын жүрүшүндө талапкер Адахан Мадумаров суроо узатып үйүңүздү өрттөп кетебиз дегендерден корктуңузбу деп собол салды.

Исаев бул суроого жооп берип жатып кудайдан гана корко турганын белгиледи.

«Мыйзамда так жазылып турат, президенттин милдетин аткаруучу болгон жаран президенттик шайлоого катыша албайт деп. Эгер мен ал кызматка макул болсом анда силердин жаныңарда турбайт элем. Мындан улам команда менен кеңешип баш тартууну чечтим», — деди Исаев.

Бүгүн, 28-декабрда Кыргызстандын президентине талапкерлердин теледебаты башталды. Ал КТРК аркылуу көрсөтүлүүдү.

Бүгүн кечки саат 20:00дөн 22:30га чейин талапкерлер Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев дебатка чыкты

Количество просмотров: 392