• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Канат Исаев, «Кыргызстан» партиясынын лидери: “Мага козголгон кылмыш ишинен 27 жасалма фактыны санап чыктым”

2 Бугу 2018 17:50 Бишкек Govori.TV

 

Бишкек. 02.05. 2018. Govori. TV

“Менин үстүмөн козголгон кылмыш иши толугу менен ойдон чыгарылган. Саясийй буйрук менен ачылган. Мен кылмыш ишти карап отуруп, 27 жалган фактыны таап чыктым”. Бул сөздү бүгүн Бишкек шаардык сотунда саясатчы Канатбек Исаев  соттогу акыркы сөзүн сүйлөп жатканда айтты.

Ал белгилегендей, Токмок шаарында мэр болуп тургандагы ишмердигинде мамлекеттин, шаардын бюджетине зыян алып келген бир дагы аракеттер болгон эмес. Баардыгы тең мыйзам чегинде, жергиликтүү кеңештин чечимдери менен коштолгон жана бүгүн жабырлануучу тараптын өзүнө карата эч кандай дооматы жок.

“Бул иш 2010-жылдан кийин ачылып, бирок, башкы прокурордун орун басарынын колу менен кылмыштын курамы жоктугунан улам жабылган болчу. Курамына мен деген юристтер кирген  парламенттин депутаттык комиссия  иликтеп, кылмыш ишин ачууга негиз жок деген бүтүмгө келген. Бул толугу менен жасалма, атайылап жалган фактылар менен шөкөттөлгөн кылмыш иши. Саясий буйрук, мен актыгымды эл ал алдында, соттордун алдында толук далилдей алдым”,-деди ал.

Эске сала кетсек, кийинки сот отурумунда Канатбек Исаевге карата өкүм чыгышы күтүлүүдө.

Количество просмотров: 18