• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Канат Исаев президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди

4 Жетинин айы 2020 17:19 Бишкек Govori.TV


Канат Исаев президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен талапкерлигин койгон.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү арыз тапшыргандар менен президенттик жарышка катышууга расмий кайрылгандардын саны жетиге жетти. Буга чейин Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров, Бакыт Бакетаевдер президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген.

Количество просмотров: 83