Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 13-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына кезексиз жыйынга чогулушту.
Анда Жогорку Кеңештин төрагасын дайындоо тууралуу маселе каралды. Анда төрагалыкка депутат Канат Исаевдин талапкерлигин карап, ал төрага болуп шайланды.
Депутаттар жашыруун добуш берүү менен Исаевдин талапкерлигин 78 депутат колдосо, эки эл өкүлү каршы добуш берген.
Эске салсак, ЖКнын кезексиз жыйынына 62 эл өкүлү катышууда. Мындан тышкары ишеним катын берген депутаттар да бар.