• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Канат Исаев тил кат менен абактан бошотулду

7 Бештин айы 202416:11 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канатбек Исаевдин бөгөт чарасын 6-декабрда карап, аны башка жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде абактан бошотконун «Азаттыкка» саясатчынын адвокаты Бакыт Осмоналиев билдирген. Анын айтымында, жактоочу Исаевди абактан бошотуу боюнча сотко өтүнүч келтирген.

2-декабрда райондук сот Исаевдин абактагы мөөнөтүн келерки жылдын 27-январына чейин узарткан болчу.

УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери мурдагы депутат Канатбек Исаевди 20-ноябрда кармап, Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып таккан. Ал коюлган айыпка макул эмес экенин билдирип, аны кармоого себеп саясатта экенин айткан.

Октябрь райондук соту саясатчынын бөгөт чарасын 22-ноябрда карап, 4-декабрга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камакка алган.

Эске салсак, Канатбек Исаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу айыпталган саясатчы жана активисттер менен чогуу 2022-жылы 23-октябрда камакка алынган. Райондук сот ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2023-жылдын 11-январында саясатчынын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Количество просмотров: 162