Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канатбек Исаев камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-декабрда шаардык сот райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.
Биринчи май райондук соту 21-нобярда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канат Исаевдин тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы бир айга тагыраагы 2022-жылдын 23-декабрына узарткан.
Канат Исаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу саясатчы жана активисттер менен катар 23-октябрда кармалган. Биринчи май райондук соту ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында убактылуу кармоочу жайга камалганын, тергөө абагында 23-нобярга чейин болорун билдирген. Сот УКМК тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Исаевдин 2018-жылдын октябрында тандалган эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт чарасын өзгөрткөн.
2017-жылы Исаев «мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган» деген шек менен камалган. Ушул иштин алкагында ал УКМКнын тергөө абагында дээрлик бир жыл отурган. 2018-жылы 18-июлда Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарган.