• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Канатбек Азиз, юрист: “БШК Аида Салянованы мандатынан ажырата албайт”

26 Бирдин айы 2018 17:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.02. 2018. Govori.TV

“БШК Аида Салянованы депутаттык мандаттан ажырата албайт. Анткени, соттун өкүмүндө  өкүм депутаттын кичүү кызы 14 жашка чыккандан кийин гана аткарылаары тууралуу жазылган. Бул тууралуу БШКнын мурдагы мүчөсү Канатбек Азиз билдирүү таратты.

“Ленин райсоту Аида Салянованы күнөлүү деп таап, бирок, жазасын аткаруу кичүү кызы 14 жашка чыккандан кийин аткарылаарын өкүм кылган. Демек, ал сот тарабынан айыпталуучу, бирок, азырынча толук укуктуу жаран. Конституциянын 36-беренесинде ар бир баланын өсүшү, анын жашоодо камсыз болушу ата-энеге жүктөлгөн. Эгер Аида Салянова мандатынан ажыратылса, ал эмгек укугунан да ажырап, баласын камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгат”,-дейт Канатбек Азиз.

Ал белгилегендей, соттун  өкүмү жарым-жартылай бөлүнүп аткарылууга мүмкүн эмес. Себеби, ал жаза мөөнөтү кийинкиге калтырылып, бирок, мандатынан ажыратуу бүгүн аткарылбашы керек. “Бир адам бир өкүмдү бир гана жолу аткарат”,-деп жыйынтыктайт ал өз сөзүн.

Эске сала кетсек, ушул жумада Бишкек шаардык сотунун өкүмүнүн негизинде БШК депутат Аида Салянованы мандатынан ажыратуу маселесин карайт.

Количество просмотров: 33