Бишкек.07.06.2019.Govori.TV.
Канатбек Азиз КРнын жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул жарлыкка бүгүн Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Эске салсак, Канатбек Азиз 1984-жылы, 18-апрелде Жалал-Абад облусунда жарык дүйнөгө келген. Бишкектеги 5-гимназияда билим алып, Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясын аяктаган.
Мурда иштеген кызматтары:
• Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
• Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын бөлүмүнүн башкы илимий кызматкери;
• “Ата Мекен” фракциясынын катчылыгында эмгектенген.