Бишкек.22.03.2018 Govori.TV

Социалдык тармактарда  Канатбек Бегалиевдин “Спорт менен намысты Талас облусунан эч ким талашпай эле койсун” деген видеосу талкуу жаратты.

Андагы видеодон 21-мартта Бишкектеги “Аккула” ат майданында Нооруз майрамына карата өткөн көк бөрү боюнча мелдеште жеңишке жеткен Таластын “Ынтымак” командасын Бегалиев куттуктап жатканын көрүүгө болот. Анда ал: “Бул күн – тарыхта кала турган күн. Бүгүн кимдин ким экени билинди. Мен айтар элем спорт менен намысты Талас облусунан эч ким талашпай эле койсун”, – деген.