• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Канатбек Исаев: БШК мыйзам бузду

29 Баш оона 2020 1:58 Бишкек Govori.TV

«Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев жана партия мүчөсү Талант Мамытов 28-августта чукул маалымат жыйын өткөрдү. Жыйын Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин административдик сотунун чечиминен баш тартып, «Кыргызстан» саясий партиясынын документтерин кабыл албай койгондугуна байланыштуу болду.

Аталган партиянын лидери Канатбек Исаев БШК соттун чечиминен кийин өз чечиминде туруп алганын одоно мыйзам бузуу деп эсептейт.

«Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоолордо добуш сатып алуу фактысы катталган учурда да партияны шайлоодон четтетпей, эскертүү берүү менен гана чектелген. Ал эми биздин партияга байланыштуу соттун чечимин БШК кабыл алуудан баш тартты. Бул өтө одоно мыйзам бузуу деп айтсак болот. Анткени алар Жогорку сотко кайрылабыз деген күндө дагы, соттун чечими аткарылууга тийиш»,-деди Исаев.

Эскерте кетсек, 25-август күнү Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» партиясынын документтерин кабыл алуудан баш тарткан. Буга документтерди партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү алып келбегени негиз болгон. «Кыргызстан» партиясы БШКнын чечимине каршы сотко кайрылган. Бишкек шаардык административдик соту партиянын арызын канааттандырып, БШКнын чечимин жокко чыгарган. Боршайком бул иш боюнча Жогорку Сотко кайрылмай болду.

Количество просмотров: 342