• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Канатбек Исаев жетектеген көк бөрү боюнча жолдоштук беттеште депутаттар аткаминерлерди жеңди

23 Бирдин айы 2019 19:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.02.2019.Govori.TV.

Ата Мекенди коргоо күнүнө карата өткөн көк бөрү боюнча жолдоштук беттеште Жогорку Кеңештин командасы жеңишке жетти.

Финалда эл өкүлдөрү менен өкмөттүн командасы күч сынашты.

Оюндун биринчи бөлүгүндө эки команда бири-бирине катуу каршылык көрсөткөнү менен эсеп саны ачылган жок. Ал эми экинчи таймда депутат Канатбек Исаев атаандашынын тай казанына алгачкы улакты таштады. Үчүнчү таймда депутаттар Курманкул Зулушев менен Урмат Самаев биргелешип экинчи салымды жасады. Натыйжада 2:0 эсеби менен Жогорку Кеңеш озуп кетти

Мелдешке депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги жана журналисттерден түзүлгөн төрт команда катышты.

Ал эми үчүнчү орун үчүн болгон таймашта Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин командасы журналисттерди утуп алды.

Мелдешке депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги жана журналисттерден түзүлгөн төрт команда катышты.

Булак: sputnik.kg

Количество просмотров: 2