• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кантта бир нече кылмышка шектүү адам кармалды

15 Бирдин айы 2022 13:09 Бишкек Govori.TV

Кант шаарында бир нече кылмышка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 31-январь күнү Ысык-Ата районунун ИИБине бир мекеменин жетекчиси арыз менен кайрылып, Кант шаарындагы жайгашкан көчөлөрдүн биринде жайгашкан люктун капкагы белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгын билдирген.

Бул факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй ОИИББнын жана Ысык-Ата РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 1980-жылы туулган А.У. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Тергөө кызматында шектүү адам дагы 2 кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган.

Учурда шектүү жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 69