• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Каныбек Абдиев Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин убактылуу милдетин аткаруучусу болуп дайындалды

18 Тогуздун айы 2018 10:30 Бишкек Govori.TV

 

Бишкек. 18.10.2018. Govori.TV

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин убактылуу милдетин аткаруучу болуп Каныбек Абдиев дайындалды. Бул жарлыкка өкмөт башчы кол койгон. Абдиев буга чейин аталган министрликте статс-катчысы болуп эмгектенип келген.

Учурда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына “Кыргызстан” фракциясы көптөгөн талапкерлерди карап жатышат. 19-октбрда Жогорку Кеңешке бирөөнү тандап  талапкер көрсөтөт. “Кыргызстан” партиясы азырынча талапкерлердин аттарын толук атоодон баш тартышууда. Себеби акыркы чечимди 19-октябрда боло турган жыйында кабыл алат.

Эске салсак, мурунку министр Таалайкүл Исакунова жана анын орун басарлары бардыгы жумуш ордуларынан бошотулган.

Количество просмотров: 53