«Унаасыз күн» акциясын уюштурууну кош колдоп колдойм. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев билдирди.
«Бүгүнкү күндө экологиялык чоң катастрофаны автоунаалар жасап жатат. Андыктан жарандык активисттердин мындай демилгесин кош колдоп колдойм. Буга байланыштуу Өкмөт баардык чараларды колдонуш керек. Биздин Бишкек убагында эң таза, көркөмдүү калаа болгон»,-деди Осмоналиев.