• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Каныкей апанын булагы

30 Бугу 2018 22:06 Бишкек Govori.TV

Каныкей апанын булагы

Кыргызда чыныгы кыргыз аялзатынын симфолу болгон Каныкей апанын булагы “Манас” ордо комплексинен 1,5 чакырым алыстыкта жайгашкан. Govori.TV мультимедиалык маалымат агенттигинин журналисттери касиеттүү Каныкей апабыздын  булагына жөнөдүк.

Жолдо катар эпосто жазылган булактын тарыхы көз алдымда учуп жатты.  Анда Каныкей апа мал ичкен суудан ичпе деп, таза булак таптырып, анын көзүн ачтырып, ак челек менен ташытып, тегерек четин тостуруп эли журтуна кам көргөн. Бир күнү апабыз  курбулары менен Таластын жашыл токоюнда серүүндөп кечирээк кайтып келатып, айтылуу Кароол чокунун түштүк тарабында, бир чакырымдай турган тегиз жерде чакан сазды көргөн.
Айланасы кол менен жасап койгондой кооз, жылгын менен аралаш бадал өскөн жер, салкын абасы жан сергиткен жер экен. Курбулары менен жай алып отурганда көшүлүп саамга көзү илине түшөт. Ошол чакта ак кийимчен, мээри төгүлгөн, жүзүнөн ырайым чууруган эне көзүнө көрүнөт. «Каныкей балам»,- дейт эне, «алдагы сен отурган жерде булактын көзү бар. Ыйык жай, суусу ары таза, ары дары. Көзүңдү ачып жерди бир аз каздыр. Агымы катуу болбогон акактай тунук суу чыгат. Оюңдагы болочок тилегиңди айтып ооз тий да жаныңдагыларга жайын айт» деп көзүнөн кайып болуптур. Ушулар эсиме кылт этти…

Чакан салынган түлөөканада от жагып, эт бышырып, чай кайнатып жаткандарга, түлөө кылып, алыстан зыяратка келген конокторго жолугуп, андан ары Каныкей апанын булагын көздөй жүрө бердик. Китепте жазылган булакты көргөнгө шашып, алдыга басып жөнөдүм.
Каныкей апанын түшү туш келген атайын таштар менен корулган катар, катар жайгашкан  булака да келдик. Баягы бир ууртамы суусунуңду кандырып, көңүлдөрдү сергитеткен булактан тилектеримди айтып ооз тийдим. Баса, булактан суу ичүү үчүн атайын идиш да даярдап коюшуптур.
Бул Каныкей апанын булагынан Айкөл Манас, Акылман Бакай, баатыр чоролор, сакалы төшүнө түшкөн карыялар, ак элечек апалар, секелек кыздар, сергек уулдарына чейин ичишкен. Булактын суусу мээ кайнаткан ысыкта суусун кандырса, күмүштөй тунугу менен мээ сергиткен абасы чарчаган кишини эс алдырат.

Булактын суусуна теңир алдында күнөөсү барлар да, теңирден жакшылык күткөндөр да, турмуш көйгөйүнөн кутула албагандар да, бүлөгө, балага  зарлар да, алыс жолдо ак тилек тилегендер да ниет жолдоп булакка зыяратка келишип тилектерин айтышып, атайын суусун алып, булактын суусуна атайын ырымдашып үч жолу  чүмкөнүп кетишет.
Бул сууга чүмкөнгөндүн да эрежеси бар экен. Үч чака сууга чүмкөнөөрдүн алдында чоң атаңдын атасына багыштап, сууга чүмкөнөөрдө болгон үнүңдү чыгарып ичиңде катылып жүргөн муң, ызаа, таарыныч, капалыкты кыйкырып  чыгарып салсаң болот дегенди угуп мен дагы сууга чүмкөнүм тилектеримди айтып сергип алдым.

Каныкей апанын булагына зыяратка келгендердин  чыны менен эле тилектери кабыл болуп, турмуштун оорчулугунан жеңилдеген күнөөлөрү кечирилгендей жашоолорунда жакшылыктын жышааны пайда болуп, бала тилеп келгендердин тилеги кабыл болуп, кийин бала – чакалуу болуп кетишкен деп уламыштарда айтылып келет.
Дартка даба, илдетке шыпаа болгон Каныкей апабыздын ыйык булагына келип — кетип жаткан зыяратчылардын саны жыл сайын көбөйүүдө экен. Себеби бул ыйык булактан оорулуулар сакайышкан, тилемчилер оңолушуп, перзентке зарлар уул – кыздуу болуп, ажырашкандар биригишкени айтылат. Манас атабыз менен Каныкей апабыз калкыбыз үчүн кандай ыйык болсо, күмбөз менен булак да ошондой ыйык экенин унутпашыбыз керек!
Бул материалдар Интерньюс-Кыргызстандын колдооусу менен даярдалды.
 
Количество просмотров: 1053