• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Капотунда киши отурганына карабай унаасын айдап кеткен айдоочу айыпка жыгылды

23 Бугу 2022 15:29 Бишкек Govori.TV

Капотунда киши отурганына карабай унаасын айдап кеткен айдоочу айыпка жыгылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 21-майда Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Унаанын айдоочусу табылып, ага 7500 сом айып салынды.

«Кайгуул кызматкерлери издеп табуу иш-чараларын жүргүзүп, унаага жабышкан жаранды сүйрөгөн айдоочуга Укук бузуулар кодексинин 189-беренесине ылайык (Авто ээнбаштык) 7500 сом айып салып, унаа айып короосуна киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Ал эми унаанын үстүндөгү жаранды издеп табуу иштери уланууда.

Буга чейин социалдык тармактарда унаанын капотунда отурган адамга карабай жүрүп кеткен видео тараган.

Количество просмотров: 105