• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Каптагаева: Эл менен бийликке көпүрө болууну каалап депутат болдум

19 Бирдин айы 2023 12:27 Бишкек Govori.TV

17-18-19-февраль күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында кезектеги окутуу иш-чарасын өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жалпы 17 айым келген. 7 дубандан келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары,мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Алардын бири 28 жаштагы Айпери Каптагаева. Ал Нарын шаарынан келген жеке ишкер.

«Жеке ишкерчилик менен алектенем. Жана Нарын шаардык кенештин 5-чакырылышынын депутаты болом. Жергиликтүү бийлик менен жарандардын ортосунда көпүрө болуу максатында жана көйгөйлөрүн чечүү максатында депутаттыкка баргам. Бул тренинге жаңы нерселерди, билбегенимди билүү үчүн келдим. Элдин көйгөйүн чечүү алдыдагы максатым болуп саналат», — деди ал.

Количество просмотров: 45