• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кар көчкүнүн алдында калган жарандар 7 күндөн бери табыла элек

21 Бирдин айы 202215:27 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда кар көчкүнүн астында калгандар 14-февралдан бери табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигини маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кар көчкүнүн астында калган 4 жаранды издөө иши ӨКМ тарабынан жеринде күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө.

«Жалпысынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 53 куткаруучу, 3 кинолог иттер менен, ошондой эле атайын каражат менен темир издеген адам (металлоискатель) бар. Ошондой эле 8 атайын техника, тактап айтканда, эксковатор, бульдозер, грейдер жана унаа жүктөгүч тартылган. Кардын жалпы көлөмү 1 млн метр кубду түзөт. Ага карабастан куткаруучулар бүгүнкү күндө 20-30 метрге чейинки тереңдиктеги карды казып, издөө ишин улантууда»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 170