Кар көчкү түшүп, Долон ашуусу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунун 296-297 чакырымында тактап айтканда Долон ашуусунда 2022-жылдын 17-март күнү болжол менен саат 10:00 чамаларында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды.
Нарын ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмү Бишкек – Нарын жана Нарын – Бишкек багытындагы унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Азыркы учурдагы унаа жолдун жогорудагы аталган бөлүгүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди.