• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Кар тазалоого 37 техника тартылып, 202 тонна туз себилди

4 Үчтүн айы 2023 11:06 Бишкек Govori.TV

 “Тазалык” муниципалдык ишканасы күчөтүлгөн режимде жолдорго туз себүү жана жолдордун жүрүүчү бөлүгүн, тротуарларды кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, линияда 37 атайын техника, жол тейлөө башкармалыгынын 26 кызматкери жана 641 көчө шыпыргыч иштеп жатат.

Учурда 202 тонна туз себилди.

Бишкек мэриясы айдоочулардан жолдордо этият болуп, ылдамдыкты жана жол эрежесин сактоону суранат.

Количество просмотров: 250