Эртең, 10-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, Чүй облусунун тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн, деп билдирди Кыргызгидромет.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан, кар, Нарын облусунун айрым аймактарында кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн +1…+6
күндүз +10…+15
Талас облусунда
түнкүсүн 0…+5
күндүз +9…+14
Баткен облусунда
түнкүсүн +3…+8
күндүз +11…+16
Ош, Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +3…+8
күндүз +11…+16
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -1…+4
күндүз +7…+12
Нарын облусунда
түнкүсүн -4…+1
күндүз +5…+10
Бишкек шаарында кечке маал жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6 градус, күндүз +13…+15 градус болот.