• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кар жаайт. 12-январга чейин күтүлгөн аба ырайы

6 Үчтүн айы 202511:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет республика боюнча 12-январга чейин күтүлгөн аба ырайы боюнча маалымат берди.

Синоптиктер келерки аптада көпчүлүк жерлерде кар жаай турганын айтууда. 7, 9, 10 жана 11-январь күндөрү күн ачык болот.

Бишкекте 8-январда мезгил-мезгили менен кар жаайт, калган күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй жана Талата 5-6-январда айрым жерлерде кар жаап, туман түшүшү ыктымал. 7-январда күн ачык болот. Бирок эртеси көпчүлүк жерлерде кар жаашы божомолдонууда. Аптанын калган күндөрү жаан-чачын болбойт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткенде келерки жуманын 7-январь жана 9-11-январь күндөрү күн ачык болору айтылды. Калган күндөрү кар жаашы күтүлүүдө.

Ал эми Ысык-Көл жана Нарында алдыдагы аптада кар көп жаайт. Синоптиктердин айтымында 10-11-январь күндөрү күн ачык болуп, калган күндөрү кар жаашы күтүлүүдө. Нарында 7-январь күндүз жаан-чачын болору айтылды.

Количество просмотров: 1719