22-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт, кээ бир жерлерде бурганак болот. Жолдорго муз тоңот. Батыш тараптан шамал согуп турат.
Абанын температурасы:
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5,
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -1…+4, күндүз -4…+1,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз -4…+1,
Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…-5,
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -8…-13° болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, эртең менен жана күндүз мезгили-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз -1…+1° болот.