Эртең, 23-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Талас, Баткен облустарынын айрым райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…-9;
Талас жергесинде түнкүсүн -14…-19, күндүз -3…-8;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7;
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -8…-13;
Бишкекте түнкүсүн -10…-12, күндүз -6…-8 градус болот