• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кара-Балтада айдоочулар жол кире акысын көтөрүү талабы менен иш таштады

1 Жетинин айы 202110:47 Бишкек Govori.TV

Кара-Балта шаарында 50гө жакын кичи автобустун айдоочулары жол кире акысын көтөрүү талабы менен иш ташташты. Маалыматты Govori.TVга Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалынынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, шаардык транспорттун айдоочулары жол кире акысын 13 сомго жогорулатууну талап кылышууда.

Белгилей кетсек, Кара-Балтада азыр жол кире акысы 7 сом.

Количество просмотров: 255