• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кара-Балтада катуу шамал үйлөрдүн чатырын учурду

20 Теке 2020 9:25 Бишкек Govori.TV

Кара-Балтада катуу шамал турак үйлөрдүн чатырын учурган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-июлда саат 17:30 чамасында Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында ылдамдыгы болжол менен 28 м/с жеткен шамал катталып, 4 турак үйдүн жалпы 203 чарчы метр чатырын, Аюу-Таш кафесинин 250 чарчы метр чатырын жана 2 чарбалык курулуштун 210 чарчы метр чатырын учурган.

Жерине КР ӨКМнин Жайыл райондук бөлүмүнөн ыкчам топ барып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Бүгүн, 20-июлда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, Кыргызгидромет борбору буга чейин катуу шамал тууралуу шашылыш эскертүү таркаткан.

Количество просмотров: 230