• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кара-Балтада поезд адамды сүзүп кетти

22 Жалган куран 2023 9:35 Бишкек Govori.TV

21-мартта саат 19:55те Бишкек — Кайыңды багыты менен келе жаткан поезддин машинистти жолдун 3718-чакырымында поезди ыкчам токтотууга аргасыз болгон. Анткени темир жолдо адам болгон. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолунунун” фейсбуктагы баракчасында маалымдалды.

“Поезддин үн сигналына ал адам эч кандай реакция кылган эмес. Аралыктын аздыгынан кырсыкты алдын алууга мүмкүн болгон жок. Окуядан кийин укук коргоо органдары жана тез жардам кызматы чакыртылган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилди”, — деп айтылат маалыматта.

“Кыргыз темир жолу” аталган жол үн (сиреналык) жана жарык (светофор) сигналдары менен жабдылганын, мындан тышкары, өтмөккө поезд жакындаганда шлагбаум жабыларын белгиледи.

Количество просмотров: 52