Кара-Балта шаарында сарайдан өрт чыгып, 550 балапан тирүүлөй күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт 2-июль күнү саат 00:55 чамасында Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы Вокзальный көчөсүндөгү сарайлардын биринен чыккан.
«Жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 40 чарчы метр чатыры жана ичинде 550 балапан күйгөн»,-деп айтылатмаалыматта.
Учурда өрттүн себеби такталууда.