• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Кара-Балтанын мэри кармалганы айтылды

30 Кулжа 202517:22 Бишкек Govori.TV

Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшенов жана башка бир нече аткаминерлер камакка алынды. Бул тууралуу Kаktus.media өздүк булактарына шилтеме берип жазды.

Маалыматта айтылгандай, аталган кызмат адамдары коррупцияга шектелип кармалган. Кармалгандардын арасында мэр жана шаардык муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы да бар.

Белгилей кетсек, өткөн жумада Камчыбек Ташиев жергиликтүү тургундардын начар курулган сейил бак боюнча даттануусунан кийин Токмок шаарына текшерип барган. Ал жерде Чүй облусунун бардык жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрүп, аталган жыйын учурунда Токмок шаарынын мэрин жана дагы үч жооптуу кызматкер камакка алынган.

Количество просмотров: 438