• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кара-Буурадагы мектепте өрт чыкты

28 Үчтүн айы 2021 11:26 Бишкек Govori.TV

Кара-Буура районунун Ак-Жар айылындагы мектепте өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-январь күнү Талас облусунун Кара-Буура районундагы Ак-Жар айылынын Калыбаев орто мектептин от жагуучу бөлмөсүндө өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө саат 07:48де 1 бөлүм, саат 08:10до кошумча 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 09:22де чектөөгө алынган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 106