• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кара-Көл кичи ГЭСин ким курары айтылды

11 Бирдин айы 2023 18:26 Бишкек Govori.TV

«Демир Кыргыз Интернешнл Банк» (ДемирБанк) жабык акционердик коомунун жетекчилиги чет элдик инвестор менен биргеликте Кара-Көл кичи ГЭСин курууну каалайт. Бул тууралуу инвестициялык форумдун жыйынында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Дүйнөлүк банкты инвестор кылуу пландалган. Бирок долбоорду ратификациялоо процесси бир топ убакытты талап кылмак.

«Өз кезегинде банктын башкармалыгы жана чет элдик инвестор чакан ГЭСтин курулушун 1,5-2 жылда бүтүрүүнү пландаштырууда», — деди ал.

Эскерте кетсек, мындан мурда Энергетика министрлиги Кара-Суу дарыясына кичи ГЭС курууга сынак жарыялоого даяр экенин билдирген.

Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Суу дарыясында Каракөл ГЭСин куруу пландалууда. Бул дарыя Нарын дарыясынын сол жээгиндеги куймасы. Ал Токтогул ГЭСинин ылдыйкы агымы менен кошулган куйма тилкесинде жайгашкан.

Каракөл ГЭСинин курулушу 25 млн АКШ долларына бааланган. Долбоордук кубаттуулугу 18 МВт. Жылдык орточо өндүрүш 110 млн кВт/саат деп бааланууда.

Количество просмотров: 2606