• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кара-Көлдө жаңы жылдык балатыны өрттөгөн шектүүлөр кармалды

26 Бештин айы 2022 9:19 Бишкек Govori.TV

Кара-Көл шаарында жаңы жылга карата жасалган балатыны өрттөгөндөр кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-декабрда саат 05:00 чамаларда милицияга телефон чалуу болуп, анда шаардын борборундагы балаты күйүп жаткандыгы кабарланган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгышып, кароо жүргүзүлүп тиешелүү материалдар чогултулган. Окуя Кара-Көл ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, алдын ала текшерүү иштери башталган жана тиешелүү экспертиза дайындалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында окуяга шектүүлөр аныкталып, тергөөгө камсыздалган. Оку боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин негизинде («Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу») кылмыш иши козголду.

Кылмыш иши боюнча шектүүлөр суралып, алар 2002-жылы туулган С.Б., 2004-ж.т. А.Н., 2004-жылы туулган К.Н. жана 2005-жылы туулган А.А. экендиги жана балатыны күйөбү же жокпу деп ойноп от коюп жиюеришкени, ал тутанып кеткенде өчүрүшө албай калгандыгы такталган.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Количество просмотров: 790