• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кара-Кече кениндеги жер көчкүдө жабыркагандар жок

15 Аяк оона 2020 9:51 Бишкек Govori.TV

Транспорт министрлиги Дыйкан — Кара-Кече жолундагы жер көчкүнүн кесепеттерин жоюуда. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы Govori. TVга билдирди.

Маалыматка ылайык, премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы боюнча Транспорт жана жолдор министрлиги таш түшүп, жабылып калган Дыйкан — Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымын тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Көчкү Кара-Кече дарыясынын нугун бөгөп, электр зымдарын зыянга учуратып, аталган тилкедеги жолду жаап калган.

«Нарын облусунун Жумгал районунун Жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен аталган участкадан өтүүдө кооптуу абалга байланыштуу каттам убактылуу жабылды. Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде иштеп жатат. Жабыркагандар жок. Аталган тилкеге атайын эскертүү жол белгилери коюулуп, Кара-Кече көмүр ишканасынын жумушчуларына жана көмүр ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү»,-деп билдиришти аталган ишкананын басма сөз кызматынан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жалпы көлөмү болжол менен 900 миң м3 таш аралаш жер кыртышы активдешкен. Жер кыртышы унаа жолдун болжол менен 500-700 метр аралыгына сүрүлүп түшкөн.

Количество просмотров: 86