• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кара-Кечеде жер көчкү түшүп, экскаваторду басып калды (сүрөт)

3 Жетинин айы 202118:22 Бишкек Govori.TV

Кара-Кече көмүр кенинде жер көчкү орун алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Алдын ала маалымат боюнча, Жумгал районунун Кара-Кече көмүр кенинин забоюнда бүгүн саат 13:30 чамасында жер көчкү (көлөмү такталууда) түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Жер көчкү ошол жерде иш алып барган жеке ишкананын 1 даана экскаваторун басып калган.

Айдоочусу жабыркаган эмес, ошол учурда унаада жок болгон.

Кырсык катталган жерге саат 17:30да райондук ЖК комиссиясы жана КР ӨКМнин Жумгал райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.

Учурда жеринде тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 435