• Бейшемби 4 Жалган куран 2021

Кара-Кечедеги контейнерден өрт чыкты (видео)

25 января 2021 в 10:48 Бишкек Govori.TV

Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр ишканасынын аймагында контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу видео соцтармакка жарыяланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 08:20да бир бөлүм тартылган. Контейнерден чыккан өрт саат 10:05те чектөөгө алынган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 51