Кара-Кулжа районунда 11-май күнү эрте менен жааган жамгырдан улам кокту-колоттордон келген сел суулары “Жаңы-Могол” жана “Эски Могол” каналдарынан ашып, Ак-Кыя, Сары-Булак, Кара-Кочкор айылдарда жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жеринде министрликтин Ош облустук башкармалыгынын башчысы, подполковник А.Сулайманов жетектеген ыкчам топ жана Кара-Кулжа райондук бөлүмүнөн 22 куткаруучу, 1 өрт өчүрүүчү унаа, айыл аймактан 3 жүктөгүч жана 5 эксковатор тартылган.
«Мырзаке-Кара-Кулжа–Алайку унаа жолунун 10-17-20-чакырым аралыктары кум шагылга толуп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан. Куткаруучулар Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолун ачып, учурда жабыркаган айылдарды тазалоо иштери уланууда»,-деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 8-май күнү саат 23:00 чамасында каттуу жааган жаандан Кара-Кочкор айыл аймагынын Ак-Кыя, Сары-Булак, Кара-Кочкор айылдарында сел жүрүп, турак үйлөрдүн короо жайларын, социалдык объектилерди, ички чарбалык унаа жолдорду жана сел өтүүчү Сары-Булак, Нура, Атакул каналдарын кум-шагылга толтурган.